"Кескин айыптайм". Садыр Жапаров Дональд Трампка кол салуу аракети боюнча үн катты

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка кол салуу аракетине байланыштуу билдирүү жасады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

"Талапкер жана АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка Пенсильваниядагы шайлоо алдындагы митинг учурундагы кол салуу аракетин кескин айыптайм.

Анын тезирээк сакайып кетишин, ошондой эле бардык жабыркагандардын тез арада айыгуусун каалайм", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Пенсильвания штатында президенттикке талапкер Дональд Трамп шайлоо өнөктүгүндө сөз сүйлөп жатканда ага ок атылган. Анын кулагына ок тийген.
Атайын кызмат ок аткан адамды дароо өлтүргөнүн маалымдаган. Атышуудан бир көрүүчү каза болуп, эки адам оор жаракат алганы кабарланды.
ФБР ок атууларды адам өмүрүнө кол салуу беренеси менен иликтеп жатканын жарыялады. Ал эми ок аткан адам 20 жаштагы Томас Мэтью Крукс экенин маалымдады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан