Оштогу сел: ӨКМ Кара-Суудагы абал боюнча маалымат берди

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Оштогу селден кийинки Кара-Суу районундагы абал боюнча маалымат берди.

Ага ылайык, селдин кесепетинен төмөндөгүдөй кырдаал түзүлгөн:

- Кыргыз-Чек айылында 80 турак үйдү сел каптаган, 10 унаа жабыркаган, 15 үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлдү. Жеринде 500дөн ашык адам жана 2 оор техника тартылган.

- Асан-Чек айылында 82 турак үйдү сел каптаган, анын ичинен 1 үй авариялык абалда, 2 сарайдын дубалдары кулаган. Жеринде 700дөн ашык адам иш алып барууда.

- Достук айылында 78 турак үйдү каптаган, анын ичинен 1 үйдүн ашкансы урап түшкөн, 10 үйдүн жер төлөсүнө суу кирген жана 2 жеңил унаа жабыркаган. Жеринде 400дөн ашык адам иш алып барууда.

- Мады айылында 60 турак үйдү сел каптаган, 2 оор техника жабыркаган.

Видео: ӨКМ
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан