"Ураган дубал, кагазга толгон челек". Жол боюндагы тазалык жайларынын абалы (сүрөт)

Тектеш кабарлар: Даараткана көйгөйү (3 материал)

Буга чейин SUPER.KG порталы борбор калаадагы коомдук ажатканалардын абалын чагылдырып, көз жаздымда калып келген маанилүү көйгөйдү көтөрүп чыккан. Бул жолу Бишкек-Ош жолу сыяктуу аймактарды байланыштырган узун каттамдагы тазалык жайларынын абалын жеткирүүгө аракет кылат.

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуудан тартылган сүрөт. Бул ажаткана Бишкек тараптан туннелге кирип бара жаткан тарабында жайгашкан. Кирүү баасы 10 сом. Даараткананы иштеткендердин айтымында, ичин күндө жууп-тазалап турушат.

Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун Долон ашуусундагы ажаткана. Даараткана кароосуз калгандыктан жүргүнчүлөрдүн бардыгы кире берет.

Кочкор жана Тоң райондорунун аймагындагы Кубакы ашуусундагы даараткана. Бул ажаткана дагы кароосуз калган.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан