Ошко жардам иретинде чогултулуп жаткан каражат кимдин көзөмөлүндө экендиги айтылды

Мамлекеттик органдар тарабынан элден каражат чогултуу демилгеси болгон жок, демек, жеке жарандар тарабынан чогултулуп жаткан каражаттын даректүүлүгүнө жооп бербейт. Мындай билдирүүсүн бүгүн, 15-июлда президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Нурильич Токонбаев өз социалдык баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, Оштогу селдин кесепетин жоюу жана тазалоо иштери мамлекет тарабынан ишке ашып жатат. Куткаруу жана башка тийешелүү иштерге өз убагында чара көрүлүп, тийиштүү кызматкерлер күнү-түнү иш алып барууда.

“Ушундай мезгилде пайда боло калып, кырсыктан өзүнө упай чогултууну максат кылгандар болот экен. Ар кандай флешмоб уюштуруп, акча топтой калалы дегендерди байкап жатабыз. Балким, жакшы ойдо кылгысы келгендир, бирок чогулган акчага ким көзөмөл кылат, канча каражат чогулат эч ким билбейт.

Кээ бири ушундай кырдаалды колдонуп, акча жасап алуусу мүмкүн экенин эскертебиз. Ар кандай флешмобдорго жана так дареги жок жардам чогултуу максатында ачылган эсептерге акча каражатын которуудан этият болуңуздар.

Жардам бергиси келгендер жерине барсаңыздар жергиликтүү комиссия бар”, - деп калтырган өз билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан