Оштун сел каптаган аймактарына электр жарыгы толук кандуу берилди

Ош облусунун сел каптаган аймактарына электр жарыгы толук кандуу берилди. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Энергетика министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, 14-июлда Ош облусунун аймагында жүргөн катуу селдин кесепетинен Ош электр тармактары ишканасынын Кара-Суу РЭТи тейлеген 7500 керектөөчү жарыксыз калып, 8 даана электр тирөөчтү сел агызып кеткен.
Кара-Суу районунда жайгашкан 110/10 кВ Беш-Мойнок көмөк чордонунун сел каптагандыктан, калыбына келтирүү иштери жасалып, чыңалуу толук кандуу 7500 абонентке берилди. 4 трансформатор жеке менчик болгондуктан калган 25 керектөөчүгө электр энергиясын берүү аракеттери көрүлүп жатканы кабарланат.
"Жалпы 26 персоналдан турган авариялык оңдоп-түзөө бригадалары иштеп, 6 даана атайын техника: 4 даана бригадалык автоунаа, 1 даана экскаватор жана 1 даана камаз жумушка тартылган.
Мындан тышкары аталган ишкананын Сулайман-Тоо РЭТи тейлеген Ош шаарындагы “Центр” көмөк чордонунун ЭлТР фидеринен 1 даана, “Катта-Сай” көмөк чордонунун Дача фидеринен 1 даана 10 кВ электр мамычалары сынып, агып кеткен", - деп айтылат анда.
Азыркы учурда электр тирөөчтөрү калыбына келтирилип, жаңы тирөөчтөр коюлду. Ошондой эле Төлөйкөн көмөк чордонунун Түндүк фидерине чагылган түшүп, трансформаторду алмаштыруу иштери жасалып жатканы маалымдалды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан