
Бишкек шаарында жайгашкан Иван Панфилов атындагы Аскердик даңк музейинин имараты тарыхый-маданий жана архитектура эстелиги тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 2015-жылы жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча аталган музейдин имараты жер титирөөгө туруктуу эмес деп классификацияланып, аны азыркы абалында пайдаланууга жол берилбейт деген корутунду чыккан.
Мындан улам учурдагы имаратты бузуу жана курулуштун учурдагы талаптарына жооп берген заманбап сейсмикалык туруктуу имарат куруу сунушталган.
"Мындан тышкары үстүбүздөгү жылдын 2-февралында музейдин экинчи кабатынан өрт чыккан. Анда да изилдөө жүргүзүлүп, имараттын дубалынан жарака кетип, зымдар күйгөнү, экинчи кабатта пол жарым-жартылай жок экени аныкталган.
Жогоруда баяндалгандын негизинде тарых жана архитектура эстелиги болуп саналган Иван Панфилов атындагы Аскердик даңк музейинин имараты техникалык жактан жараксыз деп табылып, өкмөттүн 2002-жылдын 20-августундагы токтому менен бекитилген республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинен баалуулугун жоготту деп таанылды”, - деп жазылат маалыматта.