"Ымыркай кезинде Месси жуунткан". Евро-2024түн мыкты жаш футболчусу аталган Ламин Ямал тууралуу кызыктар

Германияда өткөн Евро-2024 оюнунун финалдык беттешинде Испания Англияны 2:1 эсебинде утуп, Евро чемпиондугун төрт жолу жеңген алгачкы өлкө болду.

Анда 17 жаштагы “Барселонанын” жылдызы, футболчу Ламин Ямал Евро-2024 чемпиондугунда мыкты жаш футболчу деп табылды.

Испания курама командасынын чабуулчусу Ламин Ямал улуттук курама командалардын негизги турнирлеринин (Европа чемпиондугу, Дүйнө чемпиондугу, Америка кубогу) финалында ойногон эң жаш оюнчу.

SUPER.KG порталы футболчу тууралуу кызыктуу фактылар менен бөлүшөт.

Ата-энеси "Реал Мадриддин" күйөрмандары

Ямал 2007-жылы 13-июлда Испаниянын 50 миңден ашпаган калкы бар Эсплугес-де-Льобрегат шаарында төрөлгөн. Атасынын теги марокколук, апасы экваториалдык гвинеялык. Кийин үй-бүлөсү Матаро шаарына көчүп барышып, Рокафонданын жакыр аймагында жашашкан. Ал жерде кедейлер жана кайырчылар, көпчүлүгү Мароккодон келген иммигранттар болчу.

Футболчунун ата-энеси ажырашып кетишкен, бирок жакшы мамиледе болуп, уулун оюндарда чогуу колдоп турушат. Кызыгы, Ямалдын атасы да, апасы да "Реал Мадриддин" күйөрмандары.

Неймарды кумир туткан

Ямал бала кезинде көчөдө достору менен футбол ойноп баштаган. Андан соң коңшу шаардын "Ла Торрете" командасына кошулуп, 7 жашында атактуу "Ла Масияга" келген.

Анын бала чагынан берки кумири Неймар болгон. Кичинекей кезинде Неймардан беттеш бүткөн соң автограф алып жана аны менен сүрөткө түшүү үчүн күтүп турган.

"Барсанын" тарыхындагы эң жаш футболчу

2023-жылдын апрель айында испаниялык жарым коргоочу биринчи жолу "Атлетико" менен Испания чемпиондугунун оюнунда "Барселонанын" курамына киргизилип, бирок ал бир да жолу талаага чыккан эмес. Бир нече күндөн кийин Ямал "Бетиске" каршы оюнга чыгып, Ла Лигада дебют жасады. Ламин "Барсанын" тарыхындагы эң жаш футболчу аталды. Ошондо ал 15 жашта болчу.

Футболчу “Барсанын” башкы машыктыруучусунун сүймөнчүгүнө гана татыбастан, оюн талаасында Серхио Бускетс, Роберт Левандовский жана Педри сыяктуу футбол жылдыздары менен бир талаада ойноого жетишти.

"304"

Ямалдын бут кийиминде 304 саны түшүрүлгөн жана ал ар бир жараткан голунан кийин манжалары менен бул сандарды көрсөтөт. Анткени 304 саны Рокафонданын почта индекси. Муну менен ал өз кичи мекенин эч качан унутпасын, сыйлаарын билдирип турат.

Евро-2024тө үй тапшырма аткарып...

Евро-2024 чемпиондугунда Ламин пастарды бергени менен гана эсте калган жок. Ал мектепти аяктай элек болгондуктан, матчтар менен машыгуулардын ортосундагы тыныгууда үй тапшырмасын аткарып, экзамен тапшырган. Ямал окуу жылында сабактарга катышпай, онлайн түрдө же жеке мугалимдерден сабак алган. Футболчу ушул жайдагы экзамендерден кийин Орусиядагы орто билимдин аналогу болгон ESO квалификациясын алды.

Желектер түшүрүлгөн бут кийим

Ошондой эле футболчунун бут кийиминен Экваториалдык Гвинея, Марокко, Испаниянын желектерин жана анын LY инициалын көрүүгө болот.

“Келечектин жаңы Мессиси”

2007-жылы 20 жаштагы Лионель Месси кайрымдуулук календары үчүн фотосессияда 5 айлык ымыркай Ламин Ямалды жуунтууп сүрөткө түшкөн. Ямалдын атасы бул сүрөттү жарыялаган соң социалдык тармакка желдей тарап, жагымдуу пикирлер айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан