Макрон премьер-министр Атталдын отставкасын кабыл алды

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Габриэль Атталь жетектеген өкмөттүн отставкасын кабыл алганын чет элдик басылмалар жазууда.

Бирок Атталь жетектеген курам жаңы өкмөт дайындалганга чейин ишин улантат.

Буга чейин Атталь 7-июлда өткөн парламенттик шайлоонун экинчи турунда бийликтин партиясы көпчүлүк орунду ала албай калгандан кийин кызматтан кетүү өтүнүчү менен президентке кайрылган болчу. Бирок Макрон анын кызматтан кетүү өтүнүчүн кабыл алган эмес. Мамлекет башчы муну жакында Францияда Жайкы Олимпиада оюндарынын баштала турганы менен түшүндүргөн.

Шайлоодо Макрондун "Бирге" коалициясы 168 мандат менен экинчи орунду алып калган. Ал эми солчулдардын "Жаңы элдик фронт" коалициясы 182 мандатка ээ болуп, биринчини алса, Марин Ле Пен менен Жордан Барделла башында турган ашкере оңчул "Улуттук биригүү" коалициясы 143 мандат алып, үчүнчү орунду ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан