Бишкектеги дүкөндөрдүн бириндеги сатуучуну аёсуз сабаган жаран камактан бошотулду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 17-июлда шаардык соттун басма сөз кызматы тастыктады.
"Ага карата козголгон кылмыш иши Бишкектин Октябрь райондук сотунун 3-июндагы чечими менен токтотулган. Буга жабырлануучунун айыптоодон баш тартканы себеп болгон", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, 24-апрелде социалдык тармактарда дүкөндөн эркек киши аялды ур-токмокко алып жаткандагы видео тараган болчу. Эртеси Октябрь РИИБи окуя боюнча 1968-жылы туулган жаран бейбаштыкка шектелип кармалганын маалымдаган.