Акылбек Жапаров: "Илбирстин секириктерин” жасап, алдыга жылгыбыз келет"

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 17-июлда Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча коллегиянын жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Анда Жапаров бул жыл чоң өзгөрүүлөрдүн башталышы болорун белгилеп, Азия жолборстору деп аталган Чыгыш Азия өлкөлөрүндөй чоң ийгиликтерге жетүүгө үмүттөнөрүн билдирди.

"Алардын ийгилиги “жолборс секирик” деп аталса, “илбирстин секириктерин” жасап, алдыга жылгыбыз келет. Бир белгилүү экономист айткандай, биринчи космикалык ылдамдыктан экинчи космикалык ылдамдыкка өтүү керек. Президентибиз Садыр Нургожоевич илбирсти өлкөбүздүн улуттук символу деп тааныган жарлык чыгаргандан кийин илбирстин секирүүсүндөй ийгиликтерге жетишибиз керек. Биздин азыркы экономикалык абалыбызды жакшы баалоого болот. Буга БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин “эгерде Кыргызстан мурда уктап жаткан сулуу болсо, азыр күлүк атты элестетет” деген сөзү далил", - деди өкмөт башчы.

Ошондой эле ал экономикалык көрсөткүчтөргө токтолду.

"Кыргызстандын экономикалык өсүшү туруктуу өнүгүүнү көрсөтүп турат – 2023-жылы ИДПнын орточо өсүү темпи 7 пайызды түзсө, 2024-жылдын биринчи кварталында экономикалык өсүш темпи 8,8 пайызга чейин өстү. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында экономиканын өсүшү 8,1 пайызды түздү, ал эми Кумтөр кенин эсепке албаганда 9,9%, ИДП 559 миллиард сомду түздү", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан