Талас шаарында  310 батирлүү ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды (видео)

Талас шаарында Алымкулов көчөсүндө жаңы, көп функционалдуу турак жай комплексинин курулушу башталды. Бул туурасында президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев өз социалдык баракчасына видео менен бөлүштү.

Анын айтымында, турак жай комплексинде 2 гектар жерге 5 кабаттан турган 10 блок үйдүн курулушу пландалган, жалпы 310 батир болот.

“Үйлөр курулуп бүткөндөн кийин батирлер мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларына 4 жана 8 пайыздан 15, 20, 25 жылдык мөөнөткө ипотекага берилет. Жакынкы жылдары баардык облустарда көп кабаттуу үйлөрдү куруп, үйгө муктаж болгон жарандарыбызга ипотекага беребиз. Карапайым калктын үйгө болгон муктаждыгы этап-этабы менен чечилет”, - деп билдирген ал.

Ошондой эле курулуштун сапаты президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экендигин белгилеген.

Талас шаарында 310 батирлүү ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан