Президенттер: Түркиянын лидери Эрдогандын футбол талаасынан президенттик такка чейинки жолу

Ардактуу замандаш, SUPER.KG порталынын "Президенттер" рубрикасынын бул чыгарылышында дүйнө лидерлеринин катарында турган Түркиянын башчысы Режеп Тайып Эрдоган тууралуу сөз кылалы деп чечтик. Анын кадимки футбол талаасынан президенттик такка чейинки жолун баянбап беребиз...

Режеп Тайып Эрдоган 1954-жылы 26-февралда Стамбулда жээк коопсуздук кызматкеринин үй-бүлөсүндө төрөлүп, 13 жашка чейин Ризе шаарында жашаган. Кичинесинен динге берилип, теологиялык лицейде окуган. Стамбулдагы Мармара университетинин экономика факультетинде окуп жүрүп, акыры исламчыл улуттук куткаруу партиясынын жаштар канатына кошулуу менен өзүнүн көз карашын бекемдеп, саясий карьерасын ошол жерден баштаган.

1969-жылдан 1982-жылга чейин ал күчтүү футболчу болгон, жарым профессионалдык клубдарда ойногон, бирок саясий карьерасынын баштап, спорттук карьерасын таштаган.

1994-1998-жылдары Стамбулдун мэри болуп иштеп, өзүн күчтүү саясатчы жана менеджер катары көрсөтүп, алкоголдук ичимдиктерди сатууга жарым-жартылай тыюу салган.

1999-жылы Эрдоган 1997-жылы декабрда митингде Зия Гукалптын ырын окуганы үчүн төрт ай абакта отурган. Сот саясатчыны "улуттар аралык кастыкты козутуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Эрдоган саясий партияларга үч жолу кошулган. 2002-жылдагы парламенттик шайлоодо 34,3 пайыз добуш менен жеңген. Адилеттик жана өнүгүү партиясын түптөп, жетектеген. Ал ошондон бери Түркияда бийликте.

АКП шайлоодо жеңишке жеткенден кийин бир жыл бою Эрдоган парламентке кирүү мүмкүнчүлүгүн күткөн. Соттолгондугу саясатчыга улуттук жыйындын мүчөсү жана премьер-министр болууга мүмкүнчүлүк берген эмес. 2003-жылы мыйзам өзгөргөндөн кийин алгач депутат, андан кийин премьер-министрлик кызматты аркалаган. Ага чейин анын орун басары Абдулла Гүл премьер-министр болгон.

2014-жылдан 2017-жылга чейин "Адилеттик жана өнүгүү" партиясында мүчөлүгүн убактылуу токтоткон, анткени түрк мыйзамдары президентке кандайдыр бир саясий күчтөрдүн мүчөсү болууга жол бербеген. Конституциялык референдумдан кийин бул жобо жокко чыгарылып, Эрдоган кайрадан АКПны башкарган.

2016-жылдын 15-июлунда Эрдоган Түркияда аскердик төңкөрүш аракети болгонун жарыялап, АКШда жашаган дааватчы Фетхуллах Гүленди жана анын түрк армиясындагы тарапкерлерин айыптаган. Ал өлкөдө эки жылга созулган өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган.Төңкөрүш аракетине катыштыгы бар деген айып менен 13 миңден ашуун адам кармалган. Куралдуу күчтөрдүн башкаруу системи реформаланган.

Эрдоган жалпысынан 20 жылдан ашык бийликте. Ал 2003-жылдын 14-мартынан 2014-жылдын 28-августуна чейин Түркияны парламенттик башкаруу формасынан президенттик башкаруу формасына өткөрүү идеясын активдүү көтөрүп, премьер-министр болгон. Президентти түз шайлоого мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөргөн. Мындай биринчи шайлоонун жыйынтыгы боюнча ал 52,59 пайыз добуш алып, 2014-жылдын 28-августунда ант берип, 2018-жылы экинчи мөөнөткө шайланган. 2017-жылы Түркиянын президенттик башкаруу формасына өтүшүн белгилеген конституциялык референдумдун жыйынтыгында ага үчүнчү жолу талапкер болуу мүмкүнчүлүгү берилген.

Эрдоган 1978-жылы үйлөнгөн, анын төрт баласы бар. Эки уул, эки кыз жана сегиз небереси бар. Президенттин күйөө баласы Берат Албайрак 2018-2020-жылдары каржы министри болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан