Ozon’до бизнес: 4 кадамды жасап, маркетплейсте дүкөндү кантип ачса болот

Кыргызстанда онлайн-шопинг барган сайын тамырын терең жаюуда. 2029-жылга чейин санариптик соода рыногунда колдонуучулардын саны 1,3 миллионго жетет деп күтүлүүдө. Бул процессте сатуучу менен сатып алуучунун өз ара байланышынын эң ыңгайлуу форматын сунуш кылып жаткан маркетплейстер чоң ролду ойнойт. 2022-жылы Кыргызстандын рыногуна Ozon келген. Ozon – бул КМШ мейкиндигиндеги ири маркетплейстердин бири, анын жалпы аудиториясы 49 миллион жигердүү сатып алуучудан турат. Ozon аянтчасында ийгиликтүү бизнес курууну каалагандар үчүн бир нече кадамдан турган планды сунуштайбыз.

Ozon’дун негизги артыкчылыгы – терең ойлонулган функционалы. Сиз өз сайтыңызды иштеп чыгып, аны таанытып, төлөм системасын киргизип, өлкөнүн ичинде же анын тышына товарларды жеткирүү үчүн татаал логистиканы түзүп отурбайсыз. Дүкөндү иштетүү үчүн Ozon’до керектүүнүн баары бар. Маркетплейсте товарларды сата башташ үчүн эмне кылуу керек?

0-кадам. Юридикалык жак

Маркетплейсте товарларды сатуу үчүн жеке ишкер же юридикалык жак статусуна ээ болуш керек. Эгерде азырынча мындай статусту ала элек болсоңуз, анда каттоодон өтүшүңүз керек. Мына ушундан кийин аянтчада ишиңизди баштасаңыз болот.

1-кадам. Өздүк кабинетти түзөбүз

Адегенде Ozon Seller тиркемесин жүктөп алышыңыз керек же Ozon сайтына кирип, “Сатуучу болуу” дегенди басыңыз. Андан кийин анкетаны толтурасыз, ушундан соң система дүкөн түзүүнү сунуштайт: товарлардын аталышын жана негизги категориясын тандап алышыңыз керек. Ушул иштердин баарына 15 мүнөттөн ашпаган убакыт кетет.

Каттоодон өткөндөн кийин ишкерге жеке кабинетке кирүүгө жана аналитиканын аспаптарын алууга уруксат берилет. Ozon сатуучулар менен ар кандай маалыматтарды бөлүшүп турат. Мисалы, кайсы товарлар суроо-талапка көбүрөөк ээ болгонун, адамдар көбүнчө эмнелерди издеп, бирок таппай жатканын көрүүгө болот. Бул маалыматтын негизинде кайсы товарды сата башташыңыз керектигин аныктап алуу оңой болот.

2-кадам. Иштин схемасын тандайбыз

Логистикалык көз караштан алганда, Ozon менен иштөөнүн 3 варианты бар: FBO, FBS жана RealFBS. Сатуучулар өздөрү үчүн ылайыктуу логистикалык жолду тандап алып, же бир нече жолдорун айкалыштырса болот.

FBO’ну тандасаңыз товар Ozon’дун кампасында сакталат. Товарды таңгактап, кардарларга жеткирүү менен маркетплейс өзү алектенет. Кыргызстанды ала турган болсок, Бишкекте сорттоочу борбор бар, башка өлкөлөрдө да кампалар системасы иштеп жатат. Дүкөндүн негизги аудиториясы жашаган аймакта жайгашкан кампаны тандаганыңыз туура болот, ошондо товарды жеткирүүгө кеткен убакытты үндөмдөп, атаандаштырыңыздын алдында артыкчылыкка ээ болосуз.

FBS’ны тандап алсаңыз, мында ишкер продукцияны өзүндө сактайт жана таңгактоо менен өзү алектенет, ал эми маркетплейс товарды кардарларга жеткирүү функциясын гана өзүнө алат.

RealFBS’ны тандап алган учурда товарды сактоо, таңгактоо жана жеткирүү боюнча бардык жумуштар сатуучуга жүктөлөт.

Адатта FBO’го эң көп сатылган товарлар берилет, ал эми FBS’га суроо-талап али изилдене элек жаңы товарларды калтырышат. Мындай учурда негизги товарлар боюнча дүкөндүн ээси кампадагы товарлардын канча калдыгы калганын көзөмөлдөп, продукцияны өз убагында жеткирип турушу керек, ошол эле маалда Ozon’дун кампаларына жиберээрдин алдында жаңы позициялар чакан партиялар менен сатылып, сыналат.

3-кадам. Товарлардын карточкасын толтурабыз

Ozon сатуучуларга бааларды өз алдынча түзүүгө жана жеке кабинетте товарлардын карточкаларын тескөөгө мүмкүндүк берет. Товарлар көрсөтүлгөн баракчаларды туура толтуруу – бул Ozon’до ийгиликтүү соода кылуунун ачкычы. Кардарлардын назарын буруу үчүн биринчи кезекте ачык, сапаттуу сүрөттөр жана видео-серептер маанилүү. Ошондой эле туура аталышты тандап алыш керек, ал маалымат берип, түшүнүктүү болушу керек. Товардын карточкасына өткөндөн кийин сатып алуучу товардын мүнөздөмөлөрү менен таанышып чыккысы келет, ошондуктан толук сүрөттөлүшүн даярдап коюу зарыл.

Товарды сатып алуу тууралуу чечимди кабыл алууга адатта товардын баасы жана арзандатуулар жөнүндө маалымат, ошондой эле башка кардарлардын пикирлери жардам берет. Пикирди реалдуу сатып алуучулар гана калтыра алышат, ошондуктан маркетплейстин аудиториясы пикирлерге өзгөчө көңүл бурат. Пикирлер, комментарийлер жана суроолор менен иштөө – дүкөндү ачкандан кийин унутпаш керек болгон маанилүү милдет.

Ozon өз аянтчасында иштөөнүн бардык баскычтарында сатуучуларга жардам берет, себеби маркетплейс ар бири ийгиликке жетип, соодасы жүргөнүнө кызыкдар. Аналитикадан тышкары, сатуучуларга бардык суроолорго жооп берген Билим базасы, ошондой эле Ozon University платформасы жеткиликтүү болот. Бул платформадан интерактивдүү окуу курсунан өтүп, вебинарга катышып, тажрыйбалуу кесиптештердин ийгилигинин сырларын угууга болот.

4-кадам. Соодабызды баштайбыз

Бардык маалыматтар, анын ичинде товардын бар экендиги тууралуу маалымат толтурулгандан кийин сатып алуучулар товардын карточкасын көрө алышат.

Жеке кабинеттеги аналитика бөлүмүндө ар бир товарга карата суроо-талапты көрүп туруу ыңгайлуу болот. Сатуунун көлөмүн көбөйтүү үчүн маал-маалы менен товарды арзандатып, платформада товарды таанытуу зарыл. Статистикалык маалыматтарга ылайык, платформада маркетинг аспаптарын колдонгон сатуучулардын товар жүгүртүүсү мындай аспаптарды колдонбогон адамдарга караганда орточо үч эсе тез көбөйөт экен.

Кыргызстандык сатуучулардын арасында Ozon’дун популярдуулугу эми гана башталып жаткан маалда аянтчага катталып, онлайн сатууну баштоо үчүн ыңгайлуу учур келди!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан