Namba Group компаниясы Namba Food фудтех-долбоорунун активдерин Яндекске сатат жана Кыргызстандын ички каржы түзүмүн өнүктүрүү долбоорлоруна басым жасайт. Бул жөнүндө Namba Food сайтында жарыяланган.
Келишим ишке ашкандан кийин тамак жеткирүү сервиси Яндекс Go Тамак бренди менен өнүгүүсүн улантат.
Namba Group компания үчүн стратегиялык болуп саналган долбоорлорго, анын ичинде, финтех-сервистерди түзүүгө жана өнүктүрүүгө көңүл бурат. Компания калк жана бизнес үчүн рынокто жетиштүү сандагы төлөм инструменттерин көбөйтүүнү, финансылык продукттарды жана электрондук коммерцияны өнүктүрүүнү пландап жатат.
“Namba Food Кыргызстандын рыногундагы биринчи фудтех-долбоор болгон жана көптөгөн өнөктөштөрдүн ишенимине жетишкен. Эми биздин өнөктөштөрдүн кафелери жана ресторандары Яндекс Go платформасынын технологиялык жана маркетингдик мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен өнүгө алышат. Бул кардарлар үчүн сунуштарды персонализация кылуу, буйрутмаларды бөлүштүрүү жана маршрут түзүү алгоритмдеринин эсебинен натыйжалуу жеткирүүнү камтыйт”, - деди Namba Group компаниясынын өнүгүү боюнча директору Игорь Костыря.