Украинанын 800дөй аскери бир эле айылда дайынсыз жоголгон. Анын болжолдуу себеби айтылды

2023-жылдын октябрь айынан ушул жылдын июнь айына чейин Украинанын 788 аскери Херсондогу Крынки айылында дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу украиналык "Следствие. Инфо" басылмасы украин полициясынын маалыматына таянып жазды.

Днепр дарыясынын сол жээгиндеги Крынки айылында 262 каза болгон аскердин сөөгү чыгарылган. Бирок дайынсыз жоголгондордун саны андан үч эсе көп.

Өз кезегинде Орусиянын аскердик эксперти Анатолий Матвичук Украинанын куралдуу күчтөрүнүн дайынсыз жоголгон 788 жоокери чабуул учурунда дарыяга чөгүп кетиши мүмкүн экенин билдирди.

Анын айтымында, дал ошол Крынки айылында жана ага жакын жерде катуу салгылаш жүрүп, украин аскерлери алдыга жылууга аракет кылышкан. Бирок орус аскерлери ага жол берген эмес.

"Алар дарыяга чөгүп өлүшү мүмкүн. Себеби Украина оор жарадар болгондорго жардам берген эмес", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан