Өлкөдө быйыл 1000 унаа чыгарылат. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова Чүй облусундагы TULPAR MOTORS унаа чогултуучу заводунун ачылышында билдирди
Анын айтымында, ишкана 3 этап менен ишке кирет.
"Учурда ишкана 10 миң унаа чыгарууга даяр. Жылдын аягына чейин 1000ди чыгаруу пландалууда. Жалпы унаанын 20 үлгүсү чыгат. 1-этапта 6 үлгү чыгаруу каралган. 3ү жеңил унаага тиешелүү болсо, 3ү жүк ташуучу унаага тиешелүү", - деди Үсөнбекова.
Министрдин орун басары долбоорду ишке ашырууга жалпы 50 миллион доллар инвестиция каралганын, 1-этапка 10 миллион доллар бөлүнгөнүн белгиледи.
"Өзбекстандын "Узавтосаноат" ишканасы заводго технологиялык жабдууларды берди. Ал эми инвестициялык каржы жалпы өзүбүздүн ички инвесторлор тарабынан каржыланды", - деди ал.
Белгилей кетсек, бүгүн аталган заводдун ачылышына президент Садыр Жапаров менен Өзбекстан мамлекетинин башчысы Шавкат Мирзиёев Ташкент шаарынан видеобайланыш аркылуу катышышкан.