Баңгизат сатууга шектелип 3 эркек, 2 кыз кармалды (видео)

Бишкекте баңгизат сатуу менен шугулданган чет элдиктер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда шаардык милициядан билдирди.

Ага ылайык, 1-июлда борбор калаада жашаган “М” аттуу Европа улутундагы жаран, синтетикалык баңгизаттарды “К” аттуу жаран менен чогуу сатуу менен алектенип жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн.

Маалыматты тастыктоо максатында, берилген дарекке Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери барган учурда, курьерлер баштыкчаларга оролгон заттарды алып жаткандыгын көрүшкөн. Аларды кармап, суракка алганда аталган дарекке тез жеткирүү кызматынан буюртма менен келип, бейтааныш жарандардан алгандыгын түшүндүрүшкөн. Текшерүү жүргүзгөн учурда, алынган заттар спецификалык жыты бар заттар болуп чыккан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен иш козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1983-жылы туулган К.М., 1991-жылы туулган Ш.А, 1985-жылы туулган Ж.С, 1982- жылы туулган М.О жана 2002-жылы туулган С.К. аттуу шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ал эми алынган синтетикалык баңгизаттардын жалпы салмагы 7 килограмм 409 грамм чыккан жана баасы 51 миллион 863 миң сомду түзгөн.

19.07.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан