Бүгүн, 19-июлда селден жабыркагандар үчүн Кыргызстанга Казакстандан гуманитардык жардам келди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, гуманитардык жардамдын салмагы 40 тонна. Анда азык-түлүк жана күнүмдүк колдонулуучу гигиеналык каражаттар бар.
"“BIZ BIRGEMIZ QAZAQSTAN” кайрымдуулук фонду өлкөнүн түштүгүндөгү селден жабыркаган кыргыз элине жардам жөнөттү. Бүгүн гуманитардык жардам Ош облусун карай жол тартты", - деп айтылат маалыматта.