Бишкекте курулуш компанияларына 161 миң сом айып пул салынды 

Муниципалдык инспекция Бишкек шаарындагы курулуш компанияларына рейд жүргүздү. Айрымдарында көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы бүгүн, 19-июлда билдирди.

Маалымдалгандай, аларга карата салынган айып пулдун жалпы суммасы 161 миң сомду түздү.

“Курулуш компаниялар жанаша аймагынын санитардык тазалыгын сактабагандыгы, техникаларынын дөңгөлөктөрүн жуубастан курулуш аянтынан чыгып, жолдун өтүүчү бөлүгүн булгагандыгы, өсүп турган бакты зыянга учураткандыгы, таштандыларды туш тарапка ыргыткандыгы үчүн айып пулдар салынды. Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузбастан, аларды сактоо керек”, - деп маалымдаган мэрия.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан