Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери сууга чөгүп бараткан кызды куткарып калышты 

Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылында милиция кызматкерлери сууга чөгүп бараткан кызды куткарып калышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 18-июль күнү саат 22:00дө болгон.

"Көлгө чөгүп бараткан 17 жаштагы кызды эки милиция кызматкери жана бир жергиликтүү тургун куткарып калган. Эс-учун жоготкон кыз жээкке чыгарылып, дарыгерлерге өткөрүлүп берилген.

Өз кезегинде кыздын ата-энеси милиция кызматкерлерине жана жергиликтүү тургунга ыраазычылык билдирди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан