Маркум Чыныбай Турсунбековдун эки кызы кармалды

Жогорку Кеңештин экс-спикери, "Акун" компаниясынын негиздөөчүсү Чыныбай Турсунбековдун эки кызы кармалды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 19-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунан ырастады.

Маалыматка ылайык, Т.А.Ч. (Турсунбекова Айдай Чыныбековна) 24-августка чейин камакка алынган. Ал эми Ч. кызы Б.га карата 24-августка чейин үй камагына алуу чечими чыккан.

Айрым жергиликтүү маалымат каражаттары алар акчаны адалдоого шектелип УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалганын жазып чыгышты.

Эске салсак, 2022-жылы Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатынын 17,65 гектар жери мамлекеттин балансына кайтарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан