Баткенде сугат сууну коромжусуз пайдалануу үчүн жаңы продукция сунушталды

Баткен облусундагы сугат суу таңкыстыгы бар аймактарда сууну коромжусуз пайдалануу үчүн жаңы продукция сунушталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдирди.
Ага ылайык, жаңы продукция (Рулонный бетон) өзбекстандык ишкер тарабынан сунушталды. Аталган продукцияны ишкер алгач сыноо иретинде Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн тургундарына көрсөткөн.
"Материалды ички арыктарга орнотсо болот, тагыраагы, латоктордун ордуна сунушталат. Натыйжада суу жоготууга учурабайт. Материалды эч кандай техниканын жардамысыз эле 4 киши бир күндө бир чакырымдай жерге төшөй алат. Чарчы метри 350 сомду түзөт", - деп айтылат анда.
Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев ишкер менен жолугуп, бул жабдууну аймактарга жеткирүү жана чек ара айылдарында жумуш орундарын түзүү максатында районго аталган продукцияны чыгаруучу заводду куруу демилгесин да айтты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан