Ош облустук ички иштер башкармалыгында кадрдык өзгөрүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош ОИИБинин башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары болуп Урматбек Сматов дайындалды.
Ал эми бул кызматты аркалап келген Ашим Раимбердиев жаш курагы жеткендигине байланыштуу ардактуу эс алууга чыкты.