FRU-BSZ. “Манас” аэропортунун коду 9-августтан тарта өзгөрөт

"Манас" эл аралык аэропорту 9-августтан баштап расмий түрдө IATA кодун өзгөртөт. Бул тууралуу "Кыргызстандын аэропорттору" ишканасынан билдиришти.

Маалым болгондой, FRU коду BSZ деп өзгөрөт.

Өзгөртүү IATA 763 резолюциясына ылайык, 90 күндүк мөөнөт аяктагандан кийин күчүнө кирет. Билдирүү 9-майда жөнөтүлдү.

Жаңы кодго өткөндүгүнө байланыштуу компания бардык системдердин туруктуу иштешин жана учууларды туура тейлөөнү камсыз кылуу боюнча техникалык жана уюштуруу чараларынын комплексин ишке ашырууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан