Садыр Жапаров Токтогул районунда “Кайнама” чакан ГЭСин ачты

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 22-июлда Жалал-Абад облусунда “Кайнама” чакан ГЭСин ачты.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, Токтогул районундагы “Кайнама” чакан ГЭСинин курулушу 2023-жылдын ноябрында башталган.

Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундарды ГЭСтин ачылышы менен куттуктап, бул окуяны өлкөнүн энергетика тармагындагы жетишкендик катары маанисин баса белгиледи. Ошондой эле ал өлкөдөгү энергетикалык көйгөйлөрдү чечүүнүн артыкчылыктуу багыты ГЭСтерди куруу экенин айтты.

“Кайнаманын” жалпы кубаттуулугу 9,6 МВатты түзүп, жылына 39,2 миллион киловат/саат энергияны иштеп чыгат. Бул электр энергиясы менен Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жана Кара-Көл шаарынын бир бөлүгүнүн жашоочуларынын муктаждыгы канааттандырылат.

Садыр Жапаров ошондой эле Орто-Токой жана Папан суу сактагычтарында ушул сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келишимдерге кол коюлганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан