Ошто Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги курулуштардын мыйзамдуулугу текшерилип баштады

Бүгүн, 23-июлда Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын корук аймагында жайгашкан курулуштар, жер тилкелерин тактоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу комиссиясынын жыйыны өттү. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, биринчи этаптын алкагында эс алуу жайларынан баштап С. Бахапов көчөсүнө чейинки объектилерге мониторинг жүргүзүү иштери пландалганы айтылды.

Белгилей кетсек, корук аймагында абалды жакшыртуу жана экологиялык ченемдердин сакталуусун камсыздоо максатында түзүлгөн жумушчу комиссиясынын курамына Ош шаарынын мэриясынын, тиешелүү мамлекеттик органдарынын жана муниципалдык кызматтарынын өкүлдөрү, жарандык активисттер, журналисттер жана эксперттер кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан