Ырчы Дайыр Исмадияров: "Инстаграмымдагы видеолорду Казакстан, Өзбекстандан көп көрүшөт" 

SUPER.KG порталынын бул жолку коногу Дайыр Исмадияров болду. Ал эмне себептен блогерликке басым жасап кеткенин, акыркы 10 жылда жашоосунда кандай өзгөрүүлөр болгонун маектин жүрүшүндө баяндады.

Анын айтымында, чыгармачылыкта ыр жаздырып, клип тартып, интернет желесине чыгарганда угуучулар тарабынан эч кандай реакция болбойт. Ал эми Инстаграм, Тик ток социалдык тармактарында кандай видео кирбесин укмуштуудай реакция болот.

"Чыгармачылыкта атайын мээнет кылып ыр жаздырып, фотосессия, клип тарттырып интернетке чыгарсаң эч кандай реакция болбойт. Ал эми Тик токто бир белгилүү болуп жаткан күлкүлүү видеону кайталап киргизип койсоң укмуш реакция болот. Мен атайын блогерликке окуган эмесмин. Бирок эмнегедир менин видеолорумду көп көрүшөт.

Менин Инстаграм баракчамды өзгөчө Казакстан менен Өзбекстандан көп көрүшөт экен", - деди Дайыр Исмадияров.

Мындан тышкары анда 2-3 жылдай чыгармачылык кризис болгонун айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан