Жыл башынан бери өрт кырсыктарынан жана сууга чөгүп 80 адам каза тапты

Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов бүгүн, 25-июлдагы маалымат жыйынында жыл башынан бери өрт кырсыктарынын кесепетинен 26 адам каза болсо, 54 жаран сууга чөгүп көз жумганын билдирди.

Анын айтымында, өрт кырсыгынан каза болгондордун саны былтыркы жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчкө салыштырмалуу 24 пайызга көп катталса, сууга чөккөндөрдүн саны 27 пайызга аз катталган.

"Быйыл жарым жылда өлкө аймагында 1597 өрт кырсыгы катталды. Бул былтыркыга караганда 15 пайызга аз. Материалдык чыгым 358 миллион сомго жетти", - деди ал.

Ошондой эле Мамбетов кырсыктардан 149 адамдын өмүрү куткарылганын кошумчалады.

Ал эми сел кырсыктары жыл башынан бери 22 адамдын өмүрүн алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан