Кыргызстан боюнча 3800 үй-бүлө жаратылыш кырсыктары каттала турчу кооптуу аймактарда турат. Алар көчүшү керек. Бул туурасында бүгүн, 25-июлда маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов билдирди.
Анын айтымында, алардын ичинен 2495 үй-бүлө мамлекеттик колдоо алып, жер тилкеси бөлүнүп бергендер. Бирок коопсуз жайга көчүп чыгыша элек. Ал эми 1393 үй-бүлөгө каражат бериле элек.
Министрликтин маалыматы боюнча, кооптуу аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн көбү Жалал-Абад жана Ош облустарында жайгашкан. Аларга атайын эскертүүлөр берилген.