Кыргызстан бир жылга жетпеген аралыкта чет өлкөлөргө канча гуманитардык жардам көрсөткөнү айтылды

Бүгүн, 25-июлдагы брифингде өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов чет өлкөлөргө берилген гуманитардык жардамдар боюнча маалымат берди.

"Коңшу Казакстанга эки жолу гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Биринчи этапта 300 тонна жөнөтүлсө, экинчи этапта 140 тонна жүк жөнөтүлгөн. Орусиянын Оренбург облусуна 350 тонна жардам жүгү жеткирилди. Ооганстанга 200 тоннадан ашык гумжардам берилди. Ал эми Палестинадагы жабыркагандар үчүн дагы өлкө атынан жардамдар көрсөтүлдү", - деди ал.

Эске салсак, суу каптоодон жабыркаган боордош казак элине 300 тонналык гуманитардык жардам 6-апрелде жөнөтүлгөн. 14-апрелде коңшу өлкөгө азык-түлүктөн турган 140 тонналык жардам кербенинин 2 партиясы жөнөп кеткен.

Ошондой эле суу каптаган Оренбур облусуна 20 жүк ташуучу унаага жүктөлгөн жардам жүгү 20-апрелде өлкөдөн чыгып кеткен.

22-январда Кыргызстан 7-октябрдагы жер титирөөдөн жабыркаган Ооганстанга гуманитардык жадам жөнөткөн. Мындан тышкары ооган элине былтыркы жылдын аяк чендеринде медициналык препараттардан турган жардамдар берилген.

Өлкө Палестинага 5,5 тонна гуманитардык жардамды Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте былтыр 22-23-декабрь күндөрү жеткиргени кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан