ИИМ тарабынан жарым жылда 20 миңге жакын кылмыш иши козголду

Бүгүн, 26-июлда Ички иштер министрлигинин жарым жылдык коллегиялык отуруму болгонун министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.

Жыйында ИИМ тарабынан жыл башынан бери 19 миң 411 кылмыш козголгону, бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 16 пайызга аз экени айтылды.

"6 айда мурдагы жылдар менен бирге өндүрүштө болгон 24 миң 649 кылмыштын ичинен 14 миң 649 кылмыштын бети ачылды. 9 миң 893 иш сотко өттү. 6 айда дайынсыз жоголгон 500 адам табылды. Оор жана өтө оор кылмыштар былтыркыга салыштырмалуу 200 кылмышка же 15 пайызга аз катталды", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өлкөдө козголгон кылмыш иштеринин 92 пайызы ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлгөнү кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан