Бишкекте Чүй проспектиси 217 дарегинде жайгашкан кафе, кеңсе, акча алмаштыруучу жай, жайкы кафенин имараты алынды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алынган объекттер республикалык маанидеги архитектуралык эстелик У. Асаналиев атындагы Кыргыз тоо-кен металлургиялык институтунун башкы фасадынын имаратынын жанында жайгашкан.
"Учурда жер пайдалануучу Тоо-кен институтунун имаратынын фасадын ачуу максатында жер тилкесиндеги объектилерди өз ыктыяры менен бузуп жатат", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми калган жер участогуна заманбап объектти долбоорлоо жана куруу пландалууда.