Валентина Шевченко үчүнчү жолу Алекса Грассо менен беттешет

Валентина Шевченко үчүнчү жолу Алекса Грассо менен беттешет. Бул туурасында UFC уюмунун башчысы Дана Уайт UFC 306 (UFC Noche) турниринин толук курамын расмий жарыяланганда белгилүү болду.

Бул алардын үчүнчү жолугушуусу болот: Грассо биринчисин 2023-жылдын мартында мөөнөтүнөн мурда утуп алган. Ал эми өткөн жылдагы UFC Noche шоусунун алкагында өткөн экинчи беттеш калыстардын упайлары боюнча келишпестик менен тең чыгуу менен аяктаган.

Маалымдалгандай, турнир 14-сентябрда Лас-Вегастагы Сфера комплексинде өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан