Төрт журналисттин абактагы мөөнөтү узартылды

Бүгүн, 1-августта Бишкектин Ленин райондук сотунда 11 журналисттин ишин кароо уланды. Сотко судья Кылычбек Истамкулов төрагалык кылды.

Жараянда политологиялык экспертиза жүргүзгөн эксперттер көрсөтмө бермек. Бирок алар эмгек өргүүсүнө чыгып кеткендиктен сот отурумуна келишкен жок.

Сотто кылмыш ишин изилдөө уланды. Айыптоочу абактагы 4 журналистти дагы 2 ай абакта калтыруу өтүнүчүн келтирди. Журналисттер жана алардын жактоочулары үй камагына чыгарууну өтүндү.

Журналист Махабат Тажыбек кызы өз сөзүндө "ишти изилдөөгө кооптуу жагдайлар жарала турган болсо, 3 журналистти үй камагына чыгарууну өтүнүп, өзү абакта калайын" деди.

Ошондой эле ал абактагы шарттарды айтып берди.

"Ысык болуп жатат. Кээде дары-дармек да жетишпейт. Тамак да мурункудай болбой жатат", - деди ал.

Судья келтирилген өтүнүчтү кароого кетип, жыйынтыгында 4 журналисттин абактагы мөөнөтүн 2-октябрга чейин узартты.

Судья Кылычбек Истамкулов эмгек өргүүсүнө чыкканына байланыштуу сот отуруму 29-августтан тарта уланмай болду.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 16-январынын таңында Ички иштер министрлиги "Темиров Live" редакциясынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ аларга массалык башаламандыктарга чакырык жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголгонун билдирген.

Кийинчерээк алардын жетөөсү ар кандай жагдайда үй камагына чыгарылган жана эч жакка кетпөө тууралуу тилкаты менен бошотулган.

Учурда Махабат Тажибек кызы, Актилек Капаров, Азамат Ишенбеков жана Айке Бейшекеева Бишкектеги №1 тергөө абагында жатат.

Иш Бишкектин Ленин райондук сотуна өтүп, ушул сотто каралып жатат.

01.08.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан