31-июлда Орусиянын Свердлов облусуна караштуу Нижний Тагил шаарындагы беш кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде жаратылыш газы жарылып, алдын ала маалыматтар боюнча 6 жаран жабыркады. Бул туурасында орус басылмалары жазышууда.
Маалымдалгандай, көп кабаттуу үйдүн эки подъезди урап, 3 жаранды урандылардын алдынан ӨКМ кызматкерлери куткарып чыккан. Дагы үч жаран изделип жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча 6 жаран жабыркаган. Алардын бирөө оор, үчөө орточо оор абалда.
Ошондой эле жаратылыш газын батирлерге орноткон кызмат адамдарына карата кылымыш иши козголгондугу айтылды.