"Азаматсың, балам!". Мунарбек Сейитбек уулун сүрөгөн машыктыруучусунун видеосу тарады

Кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулу Париж шаарында өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыкты.

Олимпиадага бокс боюнча 57 килограммга чейинки салмакта катышкан кыргыз мушкери алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштаган. Анда кубалык Орта Родригез менен беттешип, 3:2 эсебинде атаандашын жеңип, чейрек финалга чыккан.

Чейрек финалда кыргыз мушкери 2021-жылы Дүйнө чемпиону болгон америкалык Жамал Харви менен беттешип, аны дагы 3:2 эсебинде жеңди.

Социалдык тармакта мушкердин жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаевдин таймаш майданында Мунарбек Сейитбек уулун сүрөп, колдогон видеосу тарап жатат. Видеодо мышыктыруучунун сүрөп, ыйлап, жеңиштен кийин кубанганын көрүүгө болот.

Жарым финалда ал болгариялык Хавьеи Ибанез Диас менен беттешет. Бул беттеш 8-август күнү өтөт.

04.08.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан