Кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова Париж шаарында өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында монголиялык атаандашын жеңди.
Алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштаган Мээрим алгач эле монголиялык Энхсайханы Дэлгэрмаа аттуу балбан кыз менен кез келди. Кызыктуу беттештин жүрүшүндө Мээрим атаандашын 8:3 эсебинде жеңип, Олимпиада оюндарынын чейрек финалына чыкты.