Кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова Париж шаарында өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарынын чейрек финалында жеңишке жетти.
Ал чейрек финалда башкы фаворит болгон япониялык Нонока Озаки менен кез келип, 6:6 эсебинде жеңилип жатып, акыркы секундда эсепти 8:6га айлантып, жеңишке жетти.
Жыйынтыгында Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыкты. Ал жактан нигериялык Блессинг Оборудуду менен кез келет.