Кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарынын финалына чыкты.
Ал жарым финалда нигериялык күчтүү делген Блессинг Оборудуду аттуу балбан кыз менен кез келип, аны 3:1 эсебинде жеңип, Париж Олимпиадасынын финалына чыкты.
Финалда кыргыз балбан кызы америкалык Амит Элор аттуу балбан кыз менен кез келет.
Мээрим Жуманазарова Кыргызстандын тарыхында Олимпиаданын финалына чыккан экинчи кыз болду. Буга чейин Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Олимпиада оюндарында финалга чыккан.