Бүгүн, 7-августта президент Садыр Жапаров Олимпиадада күмүш медаль утуп алган кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова менен байланышып, куттуктоо сөзүн айтты.
Мамлекет башчысы кыргыз элинин атынан жана жеке өзүнүн атынан спортчуга жогорку жетишкендиги үчүн ыраазычылык билдирди.
“Дүйнөнүн чар тарабынан келген спортчулардын Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болушу – чоң ийгилик. Олимпиаданын күмүш медалына ээ болуу да оңойго турган жок. Алтын медаль ала албай калдым деп эч капа болбоңуз! Биз сиз менен чексиз сыймыктанабыз! Сиздин бүгүнкү жеңишиңиз Кыргызстандагы эле эмес, дүйнө жүзүндөгү күрөшкө кызыккан секелек кыздарга чоң дем, мыкты стимул болуп калды”, - деди президент.
Ал Мээрим Жуманазарованын жеңиши спортчунун жан үрөгөн мээнетинин, машыктыруучулардын талыкпаган эмгегинин акыбети деп баса белгиледи. Ошондой эле спортчуларыбыздын өлкөгө кайтып келишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын, аларды татыктуу сыйлыгы менен куттуктай турганын кошумчалады.
Өз кезегинде Мээрим Жуманазарова Мамлекет башчысына жана жалпы Кыргызстан элине жылуу сөздөр жана баа жеткис колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирип, бул ага жаңы күч, алдыга умтулууга, жаңы бийиктиктерди багындырууга жардам берерин айтты.
Белгилей кетсек, Олимп оюндарында Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдештин финалында америкалык Эмит Элор менен беттешти. Ал атаандашынан 0:3 эсеби менен жеңилип калды.
Мээрим Кыргызстандын куржунуна алгачкы күмүш медалды алып келди.