Интернет желесинде кыргыздар Олимпиада чемпиону болгон Кеничиро Фумитага калпак кийгизген видеосу тарап жатат. Ал чейрек финалда биздин балбан Жоламан Шаршенбековду 4:3 эсебинде жеңип алган.
Белгилей кетсек, 7-августка караган түнү Париждеги Жайкы Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 60 килограммга чейинки салмак ченинде медаль ээлери аныкталып, сыйлоо аземи болуп өттү.
Сыйлоо аземинен келе жаткан япониялык балбанды кыргызстандыктар тосуп, ага калпак кийгизишкен.
Анда Кытай спортчусу Као Лигуо күмүш медаль, Япония спортчусу Кеничиро Фумита алтын, ал эми Жоламан Шаршенбеков менен Түндүк Кореянын спортчусу Ри Се Юн коло медаль тагынышты.