Кыргыз улуттук "Манас" театрынын төкмө акындары Арген Биймырза уулу, Нурсултан Малдыбаев жана Азамат Асанбеков Париждеги Олимпиадага катышып жатканы кыргыз балбандарына ыр арнашты.
Белгилей кетсек, Олимп оюндарында балбан Жоламан Шаршенбеков коло медаль тагынса, Мээрим Жуманазарова күмүш медаль тагынды.
Ал эми Үзүр Жусупбеков жана Акжол Махмудов Олимпиада оюндарында коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Олимпиада оюндарынын алкагында спорттук күрөш (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү) боюнча мелдештер 5-11-август күндөрү өтөт. Анда Кыргызстандын атынан жалпы 10 балбан өлкө намысын коргойт.