Парижде өтүп жаткан Олимп оюндарында француз жөө күлүгү Элис Фино жигитинин колун сурады. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, спортчу айым 3 миң метр аралыкта чуркоодо төртүнчү болуп келген.
"Финалдан соң дароо трибуна жакка чуркап барып, жигитине үйлөнүү сунушун киргизген. Ал өз макулдугун берген", - деп айтылат маалыматта.
Элис басылмаларга маек берип жатып "9 мүнөт аралыгында чуркап келе алсам үйлөнүү сунушун киргизем" деп өзүнө сөз бергендигин айткан. Анткени алардын мамиле курганына 9 жыл болгон.