"Кийинкиде чемпион болом". Үзүр Жузупбеков Париждеги жеңишинен кийин билдирүү жасады

Парижде өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарынан коло байге уткан Үзүр Жузупбеков жеңишинен кийин билдирүү жасады.

"Олимпиадага баары чемпион бололу деп келишет. Мен ирандык балбанга утулуп калдым, болор иш болду. Кыргызстанга барганда машыктыруучулар менен кийинки оюндарга кандай даярдык көрөрүбүздү сүйлөшөбүз. Мен көбүрөөк ката кетирип жатам, тактикалык жактан атаандаштарга утулуп калам. Муну оңдошум керек. Кийинки Олимпиадада, буюрса, чемпион болом", - деди ал.

Белгилей кетсек, Жузупбеков Олимп оюндарында 97 килограмм салмакта коло байге утту. Ал коло байге үчүн беттеште египеттик Мохаммед Габр аттуу балбан менен кез келди.

Кыл чайнашкан беттеш 1:1 эсебинде аяктады. Кыргыз балбаны акыркы болуп балл алгандыгы үчүн жеңүүчү болду. Буга макул болбогон египеттик машыктыруучу "челленж" баскычын басты, калыстар кайра видео кайталоону карап, Жузупбековго дагы 1 упай кошту. Жыйынтыгында ал 2:1 эсебинде жеңишке жетти.

Муну менен Үзүр Жузупбеков Кыргызстанга төртүнчү Олимпиада медалын алып келди. Кыргызстан буга чейин эч бир Олимпиадада төрт медаль уткан эмес. Бул дагы тарыхый көрсөткүч.

Видео
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан