Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку жан сакчысы Эркин Мамбеталиев кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, ал бүгүн, 8-августта Бишкекте УКМК тарабынан кармалган.
Белгилей кетсек, 2008-жылы Жогорку сот Эркин Мамбеталиевди үч адамдын өлүмүнө катышы бар деген негизде өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыраткан. 2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин ал түрмөдөн чыккан.