Өзбекстандык машыктыруучу, Париждеги Олимпиадада кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулуна секундант болуп жаткан Акмал Хасонов кыргыз мушкеринин жеңишине так секире сүйүндү.
Ал жарым финалда дагы Мунарбекке секундант болуп, кеп-кеңешин айтып жатты. Калыстар Мунарбек Сейитбек уулун жеңүүчү кылып жарыялагандан кийин өзбек машыктыруучусу ордуна тура албай, сүйүнгөнүнөн секирип жиберди.
Мунарбек Сейитбек уулунун финалдык беттеши 10-августтан 11-августка караган түнү өтөт. Финалда кыргыз мушкери өзбекстандык мушкер менен кез келет.