Бакыт Төрөбаев Кыргыз куруучуларын кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын куруучуларынын кесиптик майрамына карата Мамлекеттик курулуш агенттиги уюштурган иш-чарага катышты. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Министрлер кабинетинен билдиришти.

Анда Төрөбаев курулуш тармагынын кызматкерлерин өлкө президентинин жана өзүнүн атынан майрамы менен куттуктап, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн курулуш тармагында да көптөгөн долбоорлор жана милдеттер турганын айтып, аларды ишке ашырууда куруучулардын негизги максаттарынын бири экендигин белгиледи.

Андан соң Мамлекеттик курулуш агенттигинин имаратынын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөндөн кийинки абалы менен таанышты.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын экинчи жарым жылдыгында курулуш жана капиталдык оңдоп-түзөө боюнча 83 объектти бүткөрүү пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан