Кыргызстандык ФИФА калысы Вероника Бернацкая Францияда өтүп жаткан Олимп оюндарынын футбол боюнча эркектер жана аялдар арасындагы турнирлеринде резервдик калыс катары бир нече беттештерин тейледи. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Футбол боюнча Олимп оюндары 24-июлда старт алган. Ал эми финалдык оюрдар 9-10-август күндөрү өтүшү күтүлүүдө. Ага футбол боюнча 16 эркектер курамасы жана кыз-келиндердин 12 курама командасы катышты.
"Ата мекендик адис Гвинея-Жаңы Зеландия, Франция-Гвинея, Марокко-Ирак, АКШ-Замбия жана Австралия-Замбия беттештерин тейледи", - деп айтылат маалыматта.