Париж-2024: Эрназар Акматалиев чүчүкулакта өтө оор торчого түшүп калды (тизме)

Бүгүн, 9-августта Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында эртең, 10-августта баштала турган эркин күрөш боюнча 65 килограмм салмактагы балбандарга чүчүкулак ташталды.

Анда кыргыз балбаны Эрназар Акматалиевге чү дегенде эле учурдагы Дүйнө чемпиону болгон венгриялык Исмиал Мусукаевге түштү.

Мындан тышкары Акматалиевдин жарым финалга чейинки жолунда азербайжандык Гаджи Алиев, албаниялык Ислам Дудаев, америкалык Зеин Резерфорд, ирандык Рахман Амузадхали аттуу балбандар бар. Булардын баары Олимпиаданын башкы фавориттери.

Эмнеси болсо дагы Эрназар Акматалиев бул Олимпиадада бизди сүйүндүрөт деп ишенебиз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан