Кыргызстандык Айаал Лазарев коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Ал эркин күрөш боюнча турнирге 125 килограммга чейинки салмак ченинде катышууда. Бул салмакта жалпысынан 16 балбан күч сынашууда.
Кыргыз балбаны Париждеги Олимпиада оюндарында 1/8 финалда жеңилүү ызасын тартып калган. Ал бул баскычта дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турган Ирандын балбанына утулуп калган. Эми ал финалга чыгып, Лазарев коло медаль үчүн жубатуучу турнирге катышууга мүмкүнчүлүк алды.
Эртең, 10-августта ал кайталоонун биринчи айлампасында канадалык Амарвир Дхеси менен беттешет.